Бүгүнтөн баштап биздин өзүбүздүн чегибиз, коргой турган жерибиз бар - Эрулан Көкүлов

Пикир Загрузка... 19 Март 2025 16:23
WhatsApp Image 2025-03-19 at 16.24.20.jpeg
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Бүгүнтөн баштап биздин өзүбүздүн чегибиз, коргой турган жерибиз бар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча келишимди кароо учурунда билдирди.

Анын айтымында, чек араны тактоодо эч качан бир өлкө тараптын утушу менен чечим чыкпайт.

“Мындай чечим чыгыш үчүн согуш болушу керек. Бирок согушту биз көрдүк, ал бүт өлкөнү артка тарта турган нерсе. Ошондуктан чек ара маселесин чечкен президентке, УКМК төрагасына жана комиссияга рахмат айтам. Негизинен чечим чыгарып чекит койдуңар. Эми мындан ары биздин өлкөгө белгиленген чектен бирөөлөр кирип келсе, бул агрессия болуп эсептелет. Аны эл жакшы түшүнбөй жатат. Буга чейин агрессия катары каралчу эмес, анткени кимдин аймагында ким жүргөнү белгисиз болчу”,- деди Көкүлов.