Ысык-Көл, 01.08.26. /Кабар/. Бүгүн, 1-августта Ысык-Көлдө Борбор Азияда биринчи жолу “Формула-1" (F1H2O) сууда сүзүүчү моторлуу кайыктар жарышы боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.
Биринчи машыгуулар күн мурун, 31-июлда болуп, анда спортчулар негизги жарыштардын алдында трасса менен таанышып, жабдууларын сынап көрүштү.
Белгилей кетсек, 2026-жылдагы F1H2O дүйнөлүк чемпионатына 13 өлкөнүн: Бириккен Араб Эмираттары, Австралия, Канада, Эстония, Финляндия, Франция, Италия, Норвегия, Польша, Португалия, Швеция, Улуу Британия жана АКШнын өкүлдөрүнөн 8 команда жана 18 пилот катышат.
Спорттук программадан тышкары, кечинде коноктор жана катышуучулар үчүн эл аралык жана орусиялык жылдыздардын катышуусундагы концерт өтөт.