Бүгүн тарыхый күн. Көп жылдардан бери кыргызстандыктардын жүрөгүн ооруткан чек ара маселеси чечилди – депутат

Пикир Загрузка... 19 Март 2025 14:27
WhatsApp Image 2025-03-19 at 14.26.28.jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда тарыхый күн. Көп жылдардан бери кыргызстандыктардын жүрөгүн ооруткан чек ара маселеси чечилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев билдирди.

Ал чек ара маселеси - мамлекеттердин макулдашуусунун негизинде гана такталарын белгиледи.

“Бүгүн Кыргызстанда тарыхый күн. Көп жылдардан бери кыргызстандыктардын жүрөгүн ооруткан чек ара маселеси чечилди. Президентке, Камчыбек Кыдыршевичке жана командасына чоң ыраазычылык билдиребиз. Чек арада 100дөн ашык жарандарыбыздын өмүрү кетти. Биз эч качан бир жак утулду, бир жак утту деп айтпашыбыз керек, андай болбойт. Келишим, макулдашуунун негизинде гана чек ара такталат”, - деди эл өкүлү.