Берлинде "Ала-Тоо - тоолор симфониясы" кыргыз маданий кечеси өттү

Маданият 2824 02 Май 2025 11:30
1000204756.jpg
1000204755.jpg
1000204747.jpg
1000204752.jpg
1000204749.jpg
Алдыга
Артка
1000204756.jpg
1000204755.jpg
1000204747.jpg
1000204752.jpg
1000204749.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 02.05.25. /Кабар/. 29-апрелде Берлин шаарында "Ала-Тоо - тоолор симфониясы" деген темада кыргыз маданий кечеси өткөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Германиянын министрликтери менен ведомстволорунун, Берлиндеги дипломатиялык корпустун, ар кандай германиялык компаниялар менен уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө тоо экосистемасын, айлана-чөйрөнү жана климатты коргоонун маанилүүлүгүн белгилеп, башка мамлекеттерди Кыргызстандын тоо демилгесин колдоого чакырды.

Кеченин коноктору үчүн тоо темаларына арналган сүрөт көргөзмө, ошондой эле А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын опера солисттеринен, немис музыканттарынан жана виртуоз-аккордеончу Айдар Гайнуллинден концерт тартууланды.

Мындан тышкары, дизайнерлер Жумагүл Сариева жана Назгүл Каарова тарабынан улуттук элементтерди камтыган киймдердин модасы көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдү суктандырды.

Иш-чараны Кыргызстан Германиядагы элчилиги германдык өнөктөштөр жана Берлин шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын активдүү өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүштү.

Маалымат үчүн: 2022-жылдын декабрь айында Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын резолюциясы бир добуштан кабыл алынып, тоо маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында 2023-2027-жылдарды "Тоолорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер" деп жарыяланды.