Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Кыргызстарндын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Соода-өнөр жай палаталары биримдигинин (DIHK) башкаруучу директору Николь Ренверт менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушууда элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абал, Борбор Азияда ишке ашырылып жаткан улуттук жана аймактык инфраструктуралык долбоорлор, ошондой эле кызматташуунун потенциалдуу багыттары, анын ичинде энергетика, транспорт, логистика жана адистерди биргелешип даярдоо боюнча маалымат берди.
Өз кезегинде DIHK өкүлү Николь Ренверт Герман палаталар биримдигинин максаттары жана милдеттери тууралуу айтып, ошондой эле жаңы геосаясий реалдуулукту эске алуу менен Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө кызыкдар экенин белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар быйылкы жылы Кыргызстан менен Германиянын ишкерлеринин ортосундагы байланышты чыңдоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты.