Беларустун өкмөтү отставкага кетти

Дүйнө 972 03 Февраль 2025 17:17
000019_1738579160_693318_big.jpg
WhatsApp Image 2025-02-03 at 13.56.20 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-03 at 13.56.20 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-03 at 13.56.20.jpeg
Алдыга
Артка
000019_1738579160_693318_big.jpg
WhatsApp Image 2025-02-03 at 13.56.20 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-03 at 13.56.20 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-03 at 13.56.20.jpeg
Алдыга
Артка

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Беларустун өкмөтү отставкага кетти. Бул тууралуу БелТА маалымат агенттиги кабарлады.

Агентиктин маалыматына ылайык, Беларусь Республикасынын Конституциясына ылайык, өкмөт жаңы шайланган президентке өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшырды. Тиешелүү токтомго Роман Головченко кол койгон.

Токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы Беларусь президентин шайлоонун жыйынтыгын бекиткен. Ага ылайык, президенттик шайлоодо Александр Лукашенкого шайлоочулардын 86,82%ы добуш берген.

“Беларусь Республикасынын президенти болуп Александр Григорьевич Лукашенко шайланды. Анын талапкерлиги үчүн 5 миллиондон ашуун добуш берилди, бул 86,82%ды түздү, башкача айтканда добуш берүүгө катышкан Беларустун жарандарынын жарымынан көбү”, - деген БШКнын катчысы Елена Балдовская.