Бектурган Калыбек уулу Соода-өнөр жай палатасынын Индиядагы өкүлү болду

Экономика 769 03 Декабрь 2025 13:15
589992144_1260410682771954_7400713799065168352_n.jpg
593438676_1260410679438621_3659121567550373497_n.jpg
Алдыга
Артка
589992144_1260410682771954_7400713799065168352_n.jpg
593438676_1260410679438621_3659121567550373497_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Бектурган Калыбек уулу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Индиядагы расмий өкүлү болуп дайындалды.

Палатадан билдиришкендей, тийиштүү күбөлүктү палатанын президенти Темир Сариев тапшырды.

Бектурган Калыбек уулу көп жылдан бери Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы бизнес байланышты өнүктүрүүгө салым кошуп келет. Ал бир катар инвесторлорду тартууда, бизнес-форумдарды жана эки өлкө ишкерлеринин жолугушууларын уюштурууда активдүү иш алып барган.

Жаңы дайындоо Кыргызстан менен Индиянын соода-экономикалык кызматташтыгын дагы да бекемдөөгө өбөлгө түзөт.