Бишкек, 28.07.26. /Кабар/. Beeline улуттук мобилдик оператору саякатоону мүмкүн болушунча ыңгайлаштырууну улантат. Эми роуминг топтомдорунда Google Карталар үчүн гана эмес, 2ГИС үчүн да акысыз чексиз интернет трафиги жеткиликтүү болот.
Эми эки популярдуу навигация кызматы менен сиз бейтааныш шаарда да өз үйүңүздөгүдөй сезесиз. Аэропорттон мейманканаңызга, ал жерден жакшы бир кафеге маршрут түзүп, андан кийин жаңы жерлерди көрүүнү оңой пландаштырыңыз.
Ыңгайсыз учурда интернет түгөнүп калат деп кабатыр болбойсуз – Beeline'дын жаңыртылган роуминг топтомдорунда 2ГИС жана Google Карталар үчүн чексиз трафик камтылган:
- «Роумингде 1 ГБ» топтому – 499 сом (*718*1#);
- «Роумингде 5 ГБ» топтому – 1 999 сом (*718*5#); же
- «Роумингде 10 ГБ» топтому – 2 999 сом (*718*10#).
Ушул топтомдордун бирин кошуп алып, чет өлкөдө каалаган убакта 128 кбит/с чейинки ылдамдыкта онлайн навигациялоону колдонуңуз – негизги трафигиңиз коробойт.
Пайдалуу кеңеш: сапарга чыгаардан мурда, керектүү шаарлардын карталарын алдын ала жүктөп алыңыз.
2ГИС жана Google Карталар үчүн каралган акысыз чексиздик менен жаңы жерлерди оңой жана түйшүксүз изилдөө мүмкүн. Beeline'дын эң пайдалуу роуминги менен сиз ар дайым байланышта гана эмес, туура жолдо да болосуз.
Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору 🇰🇬
КР МТжБМК караштуу МБАнын №15-1420-КР, №16-1526-КР уруксаттамалары, КР СӨМ караштуу МБАнын №21-0482-КР уруксаттамасы.