Beeline менен Кыргыз футбол биримдиги кызматташуунун кеңейтет

Спорт Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 10:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргыз футбол биримдиги пресс-кызматы

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. FIFA 2026 футбол боюнча дүйнө чемпионатынын түз алып берүүлөрүн биргелешип уюштуруудагы ийгиликтүү кызматташуудан кийин Beeline Кыргызстан улуттук мобилдик оператору менен Кыргыз футбол биримдиги өнөктөштүктү кеңейтүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу тараптар 3-август күнү Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде өткөн жолугушууда макулдашты.

2026-жылдын 11-июнунан 20-июлуна чейин Beeline Кыргызстан Kyrgyz Sport TV телеканалы менен биргеликте "Укмуш ТВ" мобилдик тиркемеси аркылуу FIFA 2026 дүйнө чемпионатынын бардык беттештерин көрсөттү. Бул үчүн атайын телестудия уюштурулуп, эфирдик продюсерден, түз эфир режиссёрлорунан, операторлордон жана кыргыз жана орус тилдериндеги комментаторлордон турган кесипкөй чыгармачыл топ түзүлдү. Түз көрсөтүүлөр смартфондор, планшеттер, компьютерлер жана Smart TV түзмөктөрү аркылуу жеткиликтүү болду.

Бул долбоор Кыргызстан үчүн чыныгы чоң жетишкендик болду. Өлкө тарыхында биринчи жолу Beeline Кыргызстан интернет жана мобилдик технологиялар аркылуу футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүү боюнча медиаукуктарга ээ болду. Улуттук мобилдик оператордун Кыргыз футбол биримдиги жана Kyrgyz Sport TV телеканалы менен кызматташуусу санариптик платформалар аркылуу телетрансляциялардын камтуусун кыйла кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берди.

"Борбор Азияда телеком-оператор менен спорттук телеканалдын ортосундагы мындай долбоор биринчи жолу ишке ашырылды. Көрүүлөрдүн жогорку көрсөткүчтөрү жана колдонуучулардын көптөгөн оң пикирлери аудиториянын сапаттуу спорттук контентке болгон кызыгуусу жогору экенин тастыктады. Масштабдуу долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга кошкон салымы жана натыйжалуу кызматташуусу үчүн Кыргыз футбол биримдигине жана Kyrgyz Sport TV телеканалына ыраазычылык билдиребиз", — деди Beeline Кыргызстан компаниясынын башкы директору Кубаныч Шатемиров.

Өз кезегинде Кыргыз футбол биримдигинин Башкы катчысы Медербек Сыдыков футбол коомчулугунун атынан Beeline Кыргызстан компаниясына ыраазычылык билдирди.

"Бул демилге Kyrgyz Sport TV телеканалынын өнүгүүсүндөгү маанилүү этап болуп, футболду мүмкүн болушунча кеңири жеткиликтүү кылуу жана Кыргызстандагы анын аудиториясын кеңейтүү боюнча КФБнын стратегиялык максаттарыбыздын бирине толук жооп берет", — деди Медербек Сыдыков.

Жолугушуунун жыйынтыгында Beeline Кыргызстан менен Кыргыз футбол биримдиги өнөктөштүктү расмий түрдө бекемдеп, футболду өнүктүрүүгө, күйөрмандар үчүн санариптик сервистерди өркүндөтүүгө жана Кыргызстандагы спорттук трансляцияларды өнүктүрүүгө багытталган жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу ниетин ырасташты. Бул жакынкы келечекте футбол жана сапаттуу спорттук контент өлкөнүн бардык тургундары үчүн мурдагыдан да жакын жана жеткиликтүү болорун билдирет.