BEE-TOGETHER Кыргызстан: Тигүүчүлөр жана буйрутма ээлери үчүн эл аралык көргөзмө-платформа

Коом Загрузка... 27 Март 2025 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon BEE-TOGETHER Кыргызстан

Тигүүчү цехтер менен фабрикалар үчүн сонун мүмкүнчүлүк!

2025-жылдын 8-10-апрелинде Бишкекте BEE-TOGETHER Кыргызстан аттуу экинчи эл аралык аутсорсинг көргөзмө-платформасы өтөт. Иш-чаранын уюштуруучулары – Евразия Бизнес Клубу (ЕБК), Текстиль Өнүктүрүү Борбору (ТӨБ), Орусиянын Фэшн индустриясы катышуучуларынын ассоциациясы (РАФИ) жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору.

BEE-TOGETHER Кыргызстан – тигүү жана текстиль продукциясын чыгарган өндүрүүчүлөр менен эл аралык буйрутма ээлерин бириктирген уникалдуу B2B-платформа. Өткөн жылы иш-чарага 50дөн ашуун кыргызстандык өндүрүүчү-компаниялар катышып, жаңы кардарларды таап, пайдалуу келишимдерди түзүшкөн. Быйыл 100гө жакын фабрика, ошондой эле кездеме жана фурнитура жеткирүүчүлөр катышары күтүлүүдө.

WhatsApp Image 2025-03-26 at 15.44.21 (3).jpeg

Көргөзмөнүн негизги максаты – ишканалардын ишенимдүү өнөктөштөрдү таап, жаңы рынокторго чыгышына көмөктөшүү. Иш-чарага 400дөн ашуун потенциалдуу тапшырык берүүчүлөр катышат, анын ичинде Россиядан, Казакстандан жана КМШнын башка өлкөлөрүнөн ритейлерлер, байерлер, маркетплейс сатуучулары жана белгилүү бренддер менен соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү бар. Алардын катарында Zarina, Zasport, O’stin сыяктуу бренддер да болот.

Иш-чаранын программасы

  • 8-апрельBee Fashion & Textile Forum: эл аралык мода бренддеринин топ-менеджерлеринин катышуусунда текстиль-мода индустриясы эксперттеринин форуму.
  • 9-10-апрельB2B жолугушуулары: Кыргызстан, Россия жана Казакстандан келген тигүү фабрикалары менен буйрутма ээлеринин алдын ала пландаштырылган бизнес-жолугушуулары.

WhatsApp Image 2025-03-26 at 15.44.20 (10).jpeg

Эгер сиз жаңы кардарларды табууну же пайдалуу келишимдерди түзүүнү кааласаңыз, бул иш-чара сиз үчүн!

Катышуу боюнча байланыштар:

  • Экспоненттер үчүн: Алыбаева Канайым (+996 550 779 949), info@tob.org.kg
  • Байерлер үчүн: Виктория (+7 916 134 1321), manager@rafi.moscow
    Толук маалымат: bee-together.kg/together-kgz-2