Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуп жатып, облуста тарыхый эстеликтер жайгашкан аймактарга барчу жолдорду оңдоп-түздөө жана алардын инфраструктуралык түзүмүн жакшыртууга дагы көңүл бурула тургандыгын айтты.
Президенттин айтымында, 2026-жылдын жылдын 1-апрелинен тарта маданият кызматкерлеринин айлык акысы 100 пайыз жогорулап, Баткендин бир катар маданият үйлөрүндө оңдоп-түзөө жана жабдуу боюнча иштер аткарылды.
“Облустун маданият бөлүмү, китепканасы, музыкалык драма театры, Сүлүктү жана Кызыл-Кыя шаардык маданият бөлүмдөрүнө авто унаалар берилди. Баткен райондук жана Кызыл-Кыялык балдар музыкалык мектептерине эки комплект музыкалык аспаптар тапшырылган”, - деди Жапаров.
Ошондой эле өлкө башчысы облуста 32 тарыхый-маданий мурас объектиси бар экендигине токтолуп, аларга археологиялык казууларды жүргүзүү жана изилдөө максатында акча каражаттарын бөлүп берип, айрымдарында археологиялык казуу иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
“Археологиялык эстеликтерди паспорттоштурууга дагы каражат бөлүнүп берилген. Алдыда тарыхый эстеликтер жайгашкан аймактарга барчу жолдорду оңдоп-түздөө жана алардын инфраструктуралык түзүмүн жакшыртууга дагы көңүл бурулат”, - деди мамлекет башчысы.