Учурда Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан “Сүлүктү 11-талаа” көмүр кенинде долбоорлоо иштери жүрүп, инвестор тарабынан 40 пайыз шахтаны иштетүүгө керектүү шаймандар алынып келди. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Амантур Турсуниязов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кен тууралуу тийиштүү эксперттик корутундулар алынгандан кийин тоо-кен даярдык иштери жүргүзүлөт. Андан кийин долбоордук көрсөткүчтөргө жараша жылына 100 миң тоннадан баштап, 900 миң тоннага чейин көмүр отунун өндүрүү мерчемделүүдө.
“Кытайдын "Хунго Лифенг" соода-өнөр жай компаниясы менен 2024-жылы биргелешип иш алып баруу жана 15 млн АКШ доллары көлөмүндө кенди иштетүүгө 30/70 үлүштүк катышуусу менен инвестиция тартуу боюнча келишим түзүлгөн. Ошондой эле "Сүлүктү 11-талаа" көмүр кенин иштетүүнүн техникалык долбоорун түзүү боюнча "К энд Т Майнинг компани" ЖЧКсы менен келишим түзүлгөн. Кен жаңы технологиялык жабдуулар менен иштетилет. Көмүрдү экспортко чыгаруу да күн тартибинде турган маселелерден”,- деди Турсуниязов.

Белгилей кетсек, быйыл өлкөдө ишке кирүүчү ишканалардын катарында “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы 5 көмүр казуу объектисин (“Тегене”, “Маркай”, “Бешбурхан”, “Кожо-Келең”, “Сүлүктү 11-талаа”) пайдаланууга берет. Алардын бири аталган “Сүлүктү 11-талаа” объектисин жыл соңунда ишке берүү пландалууда. Жалпысынан 862,1 гектар жер аянтында жайгашкан кендин запасы 82,7 млн тоннаны түзөт. Ишкана өкүлү билдиргендей, объект толугу менен инвесторлордун каражатына курулат, ички өздүк каражат каралган эмес.

“Сүлүктү 11-талаа” көмүр кенин иштетүүгө инвестициянын көлөмү 1312,5 млн сомду түздү. Кен ишке кирсе калкты көмүр менен камсыздоо, экспорттоо жакшырып, 600 киши иш менен камсыз болот. Учурда “Кыргыз көмүр” ишканасы инвестициялык компания менен биргеликте аталган көмүр кенинин техникалык долбоорун даярдоодо. 2025-жылы ишке берүү пландалган кенди иштетүү мөөнөтү лицензияга ылайык, 2022-жылдан 2042-жылга чейин деп белгиленген. Ички өздүк каражат каралбагандыктан, кен казуу жайы тышкы инвестициянын эсебенине курулууда”,- деди ал.
Ал эми Сүлүктүү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров мэрия “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен тыгыз иш алып барып, курулушка тийиштүү уруксат кагаздарынын бардыгы берилгендигин маалымдады.

“Сүлүктү 11-талаа” кени 862 гектар жерди ээлеп, 100 млн тоннага жакын көмүрдүн запасы бар. Эгер союз убагындагыдай жылына 1 млн тонна көмүр казылса, көмүрдүн запасы 100 жылга жетет. Сүлүктү шаарынын мэриясы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик компаниясы менен тыгыз иш алып барууда. Биз тийиштүү документтерди, курулушка зарыл уруксат кагаздарынын бардыгын бердик. “Сүлүктү 11-талаанын” жери Кулунду айыл өкмөтүнө жана Сүлүктү шаарынын аймагында жайгашкан. Сүлүктү тарапка шахтанын өнөр жай зонасы жайгашат. “Кыргыз көмүр” соцпакет иретинде наркы 150 млн сомду түзгөн 150 орундуу Бектемиров атындагы IT мектепти бизге салып берип жатат”,- деди Абдыжапаров.
Ошондой эле шаар мэри Сүлүктүдөгү 45 шахтада жылына 300 миң тонна көмүр өндүрүлөрүн өз сөзүндө белгиледи. Маалымдалгандай, 100 миң тонна көмүр Баткен облусун керектөөсүнө жумшалса, 200 миң тонна Өзбекстан менен Тажикстанга экспорттолот. Баасы көмүрдүн сортуна жараша 1,5 миң сомдон 16 миң сомго чейин экени кошумчаланды.
“Кыргыз көмүр” ишканасынын башкы директору Кайрат Маматов “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде маалым болгондой, жалпы статистикада Кыргызстан боюнча жылына 4,5 млн тоннага жакын көмүр өндүрүлөт. Анын ичинен 3 млн тоннадай көмүр ички рынокко керектелсе, 1,5 млн тоннага чейин Кытай, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнө экспорттолот. Быйылкы жылга пландалган 5 көмүр кени толук ишке кирип, белгиленген көлөмдө көмүр өндүрө баштаса, ички керектөө толук жабылып, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңеймекчи.