Баткенде өрүктү экспортко даярдаган дагы бир ишкана ишке кирет

Аймак Загрузка... 12 Июнь 2025 10:34
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Баткен районунун Самаркандек айылында кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү цех быйыл Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилет. Бул тууралуу ишкана жетекчиси Авазбек Жумагулов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мында кургатылган мөмө-жемиштер жууп-тазаланып, таңгакталып, чет өлкөгө экспортко чыгарууга даярдалат.

“Цехте мөмө-жемиштерди талапка ылайык таңгактап, андан соң экспортко чыгарабыз. Мен буга чейин Россияда ушул тармакта соода-сатык менен алектенгендиктен бул багытты жакшы билем. 2018-жылы Кыргызстанга келип иш баштап, дыйкандар өндүргөн продукцияны кайра иштетүү максатын койгонбуз. Негизинен цехтин курулушу 2021-жылы башталган. Учурда имараттын курулуш иштери 95 пайыз аяктап, Кытайдан алынган бардык жабдуулар орнотулган. Долбоорду аткаруучу тарабынан объектти курууга жана пайдаланууга берүүгө уруксат берүүчү мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл документтерин тариздөө иштери учурда бүтүп калды. Мамлекет тарабынан бардык жардам көрсөтүлүп, бир гана колдоо болуп жатат”,- деди Жумагулов.

Белгилей кетсек, жемишти кайра иштетүүчү цехтин долбоорунун жалпы баасы 200 миң АКШ долларын түзгөн. Цехке жабдууларды алууга керектелген 50 миң доллар каражатты ЮСАИД уюму каржылаган. Андан тышкары, “Айыл банктан” бардыгы болуп 8 млн 400 миң сом жеңилдетилген насыя алынгандыгын жана жеке каражат да сарпталгандыгын ишкана жетекчиси билдирди.

Негизинен ишканада Баткен облусундагы дыйкандар өстүрүп, кургаткан өрүк, жаңгак, алма кагы тазалоодон өтүп талапка ылайык таңгакталат. Андан соң, Кыргызстанда өндүрүлгөн азык катары чет өлкөлөргө мисалы, Казакстан, Россияга экспорттолмокчу. Ишкана ишке кирсе 30-40 адам иш менен камсыз болоорун өндүрүш жетекчиси кошумчалады.

“Алгач иш башталганда 30-40 жумушчу орундары түзүлсө, кийин буйрутмалар көбөйсө андан да көп киши иш менен камсыз болот. Эгер өлкө ичинен эле ири буйрутмалар болсо, ички рынокко да иштөөгө даярбыз. Цехтин кубаттуулугу айына 60-70 тонна жемишти кайра иштетүү болсо, жылына миң тоннага чейин кургатылган мөмө-жемиштерди таңгактоону пландап жатабыз”, - дейт Авазбек Жумагулов.

Андан тышкары, жайкы сезон учурунда жаңы бышкан мөмө-жемиштерди жууп, таңгактап муздаткычтарда сактоо менен экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар экенин ишкана башчысы билдирди. Маалымдалгандай, жылдын сентябрь айынан апрель айына чейин кургатылган мөмө-жемиштер менен, ал эми калган 4 ай жаңы бышкан мөмө-жемиштер менен иштөөгө ишканада бардык шарттар бар.

Белгилей кетсек, Баткен облусундагы Самаркандек айыл аймагынын тургундары багбанчылык менен алектенишкендиктен, негизинен өрүк бактан киреше табышат. Андыктан, бул өңдүү ишканалар аймак үчүн абдан маанилүү. Ишкана ишке кирсе, биринчиден жергиликтүү дыйкандар өндүргөн продукциясын дароо өткөрүп, коромжу болбойт. Ошондуктан, ишкананын ишке берилиши биринчиден жергиликтүү элге пайдалуу болмокчу.