Баткенде кыргыз-тажик чек арасынын 80 пайызы зым менен тосулду

Аймак 12 Декабрь 2025 17:55
4.jpg
3.jpg
1.jpg
2.jpg
577039310_1361999102374572_3331754632007843543_n.jpg
595653811_1361999452374537_6765620276962134123_n.jpg
595682221_1361998899041259_2829158412151170645_n.jpg
595692792_1361999089041240_5338626416890416789_n.jpg
596599204_1361999272374555_6882368707756347991_n.jpg
596599206_1361998749041274_6856765653773688711_n.jpg
598010514_1361998755707940_7340311896792107241_n.jpg
598082803_1361998882374594_1063328080102417743_n.jpg
599862380_1361999119041237_854725682799422818_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. Кыргызстандын Баткен облусунда Тажикстан менен чектешкен чек ара тилкесинин 80 пайызы зым тосмолор менен тосулду. Бул тууралуу бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек аралары бириккен аймакта орнотулган стеллага барган учурда белгилүү болду.

Анда чек аранын калган 20 пайызын тосуу иштери бекитилген графикке ылайык улантылып, 2026-жылы толук аяктай турганы маалымдалды.

Атайын кызматтын башчысы чек арадагы учурдагы абал боюнча кеңири маалымат алып, мамлекеттик чек араны тосуу үчун колдонулуп жаткан зым тосмолордун сапатын текшерди.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев чек ара инфраструктурасын мындан ары чыңдоо, коопсуздукту жогорулатуу жана курулуш иштеринин темпин ыкчамдатуу боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берди. Айрыкча чек ара режимин так сактоо жана алдын алуу чараларын күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, атайын кызматтын төрагасы 2022 аскер бөлүгүнө барып, ал жерде мамлекеттик чек араны бекемдөө боюнча иш-чараларга активдүү катышкан аскер кызматкерлерине акчалай сыйлыктарды тапшырды.