Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы шаар куруу, архитектура, транспорт жана экология тармактарындагы эксперттерди жана адистерди 2050-жылга чейин борбор калааны өнүктүрүүнүн башкы планынын долбоорунун презентациясына жана эксперттик талкууга катышууга чакырууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара 2-декабрда саат 15:00дө "Жаштык Аренада" өтөт.
Жолугушууда долбоордун иштеп чыгуучулары башкы пландын долбоорун сунуштап, андан кийин чакырылган адистердин катышуусунда эксперттик талкуу болот.
Иш-чарага катышууну каалагандар алдын ала 0709 08 11 04 телефону аркылуу катышуусун тастыктап коюусу керек.