“Балажан” борборунда Аялдардын эл аралык күнүнө арналган балдардын сүрөт көргөзмөсү өттү

Коом Загрузка... 01 Март 2025 16:06
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.03.25. /Кабар/. “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунда 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө арналган “Сүйүктүү апам” аталышындагы балдардын сүрөт көргөзмөсү өттү.

Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, маданияттын жана билим берүүнүн отличниги, Балажан” борборунун живопись студиясынын мугалими Наталья Овчинникова билдиргендей, көргөзмөдөгү сүрөттөрдү 4 жаштан 14 жашка чейинки балдар акварель, гуашь сыяктуу боёктор менен аралаш техникада тартышкан.

WhatsApp Image 2025-03-01 at 11.05.38.jpeg

Анын айтымында, көргөзмөгө 90 эмгек коюлуп, анда ар бир бала өз апасынын сүрөтүн тарткан.

“Сүрөт көргөзмөнү айымдар күнүнө карата жыл сайын салттуу түрдө өткөрөбүз. Балдардын эмгектери аркылуу ар бирибиз өзүбүздүн апабызды көрө алабыз. Быйылкы көргөзмөдө балдар биринчи жолу өз эмгектерин тартуулап жатышат. Сүрөттөрдө балдардын энеге, жаратылышка болгон сүйүүсү чагылдырылган. Балдар апаларынын сүрөтүн жан дүйнөсү менен берилип, толкунданып тартып жатышкандыгы алардын көзүнөн көрүнүп турду”, - деди Наталья Овчинникова.

Белгилей кетсек, “Балажан” бир нече багыттар боюнча ийримдерди өзүнө камтып, балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошкон республикалык эстетикалык тарбия берүү борбору болуп саналат.