Баланын омурткасына дайыма көз салуу зарыл. Пайдалуу кеңеш

Ден соолук 196 12 Август 2026 10:20
skolioz-u-detei-podrostkov.jpg
copyright icon www

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору ата-энелерге баланын омурткасына дайыма көз салуу керектигин билдирип, бир катар кеңештерди сунуштады.

Анда белгиленгендей, ата-энелер баланын кандай отургандыгына, туруп тургандыгына жана кыймылдаганына көңүл буруу зарыл.

Баланын омурткасы кичине кезинен эле туура калыптанышы үчүн катуу матрас салынган керебетке жаздыксыз жаткыруу керек.

Өрчүшүнө алып келүүчү негизги факторлор:

● Кыймыл-аракеттин аз болушу;

● Партада/столдо туура эмес отуруу;

● Жүктүн аркага бирдей эмес бөлүштүрүлүүсү (сумканы бир ийинге гана көтөрүп жүрүү);

● Булчуңдардын алсыздыгы;

● Жаракат алуу жана жыгылуу;

● Бала кездеги гормоналдык бузулуулар, бул сөөктөрдүн тыгыздыгын бузат.