"Бала ырысы": Мамлекеттин балдарга болгон камкордугу жана келечекке инвестиция

Коом Загрузка... 01 Июль 2026 19:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

“Бала ырысы” жөлөк пулу – балалуу үй-бүлөлөр үчүн маанилүү колдоо. Үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилиши мамлекеттин ар бир балага камкордук көрүүгө умтулуп жатканын айгинелейт. Ай сайын берилген жөлөк пул кандайдыр бир деңгээлде үй-бүлөгө жардам. Бул демилгени балдардын бакубат жашоосуна багытталган маанилүү кадам катары бааласак болот.

“Бала ырысы” жөлөк пулу үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан бардык 3 жашка чейинки балдарга айына 1200 сомдон берилерин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков аталган жөлөк пул боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн жыйында билдирди.

Анын айтымында, “Бала ырысы” жөлөк пулун берүүдө арыз тапшырган жарандын унаасы, үйү барбы же жокпу деген жашоо-шарт маселеси каралбайт.

“Бала ырысы” жөлөк пулу президент Садыр Жапаровдун 2026-жылдын март айындагы жарлыгынын негизинде киргизилген. Андан кийин “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип, министрлер кабинетинин токтому менен жөлөк пул берүү тартиби бекитилген. Бул мыйзамга ылайык, ал 2023-жылдын 1-августунан тартып төрөлгөн балдарга дайындалат. Төлөм бала 3 жашка толгондо токтотулат. Бирок, ошол эле маалда бир үй-бүлөдө 2 же андан ашык 3 жашка чейинки бала болсо, ар бир балага дайындалат. Негизги талаптар бала ата-энесинин же камкорчунун жанында болуп, Кыргызстандын аймагында жашоосу шарт”,- деди Байгончоков.

Маалымдалгандай, үй-бүлөдө 3 жашка чейинки бала болсо, ата-энеси же баланы караган камкорчусу арыз менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарына же “Түндүк” мобилдик тиркемесине арыз берсе болот.

Жөлөкпул алуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • ата-эненин же баланын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы;
  • арыз берүүчүнүн жеке идентификациялык номери көрсөтүлгөн ID-паспорту;
  • баланын жеке идентификациялык номери көрсөтүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.

Мындан тышкары, кайрылман статусу бар жарандар тиешелүү күбөлүгүн көрсөтүшү керек. Чет мамлекеттен берилген паспорттор расмий түрдө таанылган болушу зарыл. Ал эми балдары чет өлкөдө төрөлгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан алынган Кыргыз Республикасынын жарандыгы тууралуу документ же маалымкат менен кайрылууга тийиш.

Эгер үй-бүлөнүн тиешелүү маалыматтары санариптештирилсе, мобилдик тиркеме аркылуу арыз тапшыруу ыңгайлуу экендигин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Социалдык төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Аида Ажиходжоева “Кабар” агенттигине маалымдады.

"Үй-бүлөнүн тиешелүү документтеринин баары санариптештирилген болсо, мобилдик тиркеме аркылуу кирип эле арыз берет. Анда аймактык башкармалыктарга келүүнүн кажети жок. Арыз мобилдик тиркеме аркылуу жөнөтүлсө, дароо бир нече мүнөттүн ичинде кабыл алынып дайындалат. Ал эми аймактык башкармалыктарга кайрылса, биздин кызматкерлер катталууга, арыз тапшырууга жардам беришет. Кандайдыр бир суроо жаралса министрликтин 111 кыска номерине байланышып, кызматкерлерден жардам ала алышат. “Түндүк” аркылуу суроо узатып жооп алууга да мүмкүнчүлүк бар”,- деди Ажиходжоева.

Белгилей кетсек, баланын ата-энесинин бири миграцияда жүрсө, бала апасы же атасы менен экендигинин далили болуусу зарыл. Жөлөк пул алуу үчүн ата-эненин экөө тең өлкөдө болушу милдеттүү эмес - негизги талап, бала арыз берүүчү менен бир үйдө жашашы керек. Эгер ата-эне экөө тең чет өлкөдө болсо, баланы караган камкорчу арыз менен кайрылып, тиешелүү тартипте жөлөк пул ала алат.

Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапа универсалдуу “Бала ырысы” программасынын ишке киришин өлкөнүн социалдык коргоо системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап катары баалагандыгын 1-июнда министрликте өткөн маалымат жыйында билдирген.

"Бала ырысы" программасы - Кыргызстандын келечегине жасалган инвестиция. Баланын жашоосунун алгачкы жылдарында үй-бүлөлөрдү колдоо балдардын ден соолугун жакшыртууга, алардын толук кандуу өнүгүүсүнө жана өлкөнүн адамдык потенциалын калыптандырууга өбөлгө түзөт. Биз Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн бул маанилүү кадамын жана балдардын кызыкчылыктарын мамлекеттик саясаттын борборуна коюу аракетин кубаттайбыз", - деди ал.

Маалым болгондой, быйылкы жылга “Бала ырысы” жөлөк пулун 3 жашка чейинки балдарга төлөө үчүн республикалык бюджеттен 3 млрд сомдун тегерегинде каражат белгиленип, бүгүнкү күндө 1,7 млрд сом бюджеттен каралган.

“Жөлөк пул азырынча эки мамлекеттик банк “Элдик Банк” жана “А Банк” аркылуу берилет. Калган коммерциялык банктар менен мобилдик тиркемеге кошуу боюнча иш жүрүүдө. Жакын арада коммерциялык банктар да катталып, алар аркылуу жөлөк пул алууга мүмкүнчүлүк жаралат. Негизинен жөлөк пулду төлөөдө көйгөй жок. Бүгүн эртең менен эле “Түндүк” аркылуу 800 арыз кабыл алынды. Андан тышкары, аймактык башкармалыктарда да арыздарды кабыл алуу жүрүп жатат. Июль айында арыздарды кабыл алынса, 5-августтан кийин берилип баштайт”,- деди министринин орун басары.

Жыйында айтылгандай, жалпы республика боюнча калктын 38 пайызын балдар түзсө, анын ичинен 3 жашка чейинки балдар 37 пайызын түзөт. Мында өлкөдөгү 3 жашка чейинки балдардын саны 440-470 миң экендиги белгиленген. Тилекке каршы, жалпы 38 пайыз балдардын 33 пайызы жакырчылыкта жашай турганы маалымдалды. Мындан тышкары, өлкөдө 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз үй-бүлөлөргө берилүүчү “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу бар.

Жыйынтыктап айтсак, “Бала ырысы” жөлөк пулу — бул жөн гана каржылык жардам эмес, балдардын ден соолугуна, өнүгүүсүнө жана татыктуу жашоосуна багытталган маанилүү көмөк. Мындай кадамдар өлкөнүн келечегине салынган ишенимдүү инвестиция катары бааланат.