Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин кеңешмесинде уюмга кирген мамлекеттер экономикага, логистикага жана эл аралык кызматташтыкка таасирин тийгизген масштабдуу глобалдык өзгөрүүлөргө туш болуп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, мындай шартта өз ара ишенимге, ачыктыкка жана биргелешкен жоопкерчиликке негизделген туруктуу стратегиялык өнөктөштүктү калыптандыруу өзгөчө мааниге ээ болот.
Министр белгилегендей, дүйнөлүк экономиканын туруктуулугу жана өндүрүш чынжырчаларынын ишенимдүүлүгү өлкөлөрдүн өнөр жай потенциалынын туруктуу өнүгүшүнөн жана эл аралык натыйжалуу өз ара аракеттенүүдөн түздөн-түз көз каранды.
Бакыт Сыдыков жыйындын катышуучуларын өнөр жай жана технологиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, кызматташуу механизмдерин өркүндөтүү, ошондой эле атайын экономикалык аймактар, индустриалдык парктар жана биргелешкен ишканалардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча иштерди активдештирүүгө чакырды.
Көргөзмө-жарманке ишмердүүлүгүн колдоого, технологиялык жетишкендиктерди илгерилетүүгө жана ШКУга мүчө мамлекеттердин туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар министрлердин биргелешкен билдирүүсүн карап чыгып, кабыл алышты. Документ эксперттик деңгээлде макулдашылып, бардык делегациялардын колдоосуна ээ болду.
"ШКУга мүчө-мамлекеттердин ортосунда өнөр жай кооперациясын ырааттуу чыңдоо жана узак мөөнөттүү кызматташуунун натыйжалуу механизмдерин түзүү зарыл", - деп баса белгиледи Сыдыков.