Ысык-Көлдө ишке ашырылып жаткан ири долбоорлор Бакуда тааныштырылды

Экономика Загрузка... 19 Май 2026 13:15
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Азербайжандын Баку шаарында Urban Expo көргөзмөсүндө Кыргызстандын ири курулуш жана экологиялык долбоорлору сунушталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган эл аралык көргөзмө Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун (WUF13) алкагында уюштурулууда. Иш-чаранын жүрүшүндө курулуш министри Нурдан Орунтаев өлкөнүн павильонунда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында ишке ашырылып жаткан заманбап туристтик комплекстердин жана төрт мезгилдүү резиденциялардын эскиздик макеттерин тааныштырды.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Тамчы айылындагы 100 гектар аянтка курулуп жаткан ири долбоорлордун катарына Tamchy Resort, Urpaq Resort жана премиум-класстагы Elizaveta Resort комплекстери кирет. Бул объекттердин негизги өзгөчөлүгү — аймактын 30 пайызына гана имараттар курулуп, калган 70 пайызы толугу менен жашыл зоналарга жана эс алуу инфраструктурасына багытталат.

Мындан тышкары, кыргыз павильонунда Бишкек шаарындагы таштандыны кайра иштетүүчү заводдун долбоору да көрсөтүлдү. Ал экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана “жашыл” технологияларды өнүктүрүү багытындагы маанилүү кадам катары бааланды.

Эске салсак, аталган форумда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, тоолуу шаарларды туруктуу өнүктүрүү максатында Эл аралык тоолуу шаарлар ассоциациясын түзүү демилгесин көтөргөн.