Байсалов Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды

Спорт 1801 18 Февраль 2025 13:44
480245754_18346709422196946_632490301946008171_n.jpg
480478183_18346709431196946_7913853700835567283_n.jpg
480241797_18346709440196946_5230207498814559038_n.jpg
Алдыга
Артка
480245754_18346709422196946_632490301946008171_n.jpg
480478183_18346709431196946_7913853700835567283_n.jpg
480241797_18346709440196946_5230207498814559038_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин жамаатына директор Айбек Абдымомуновду тааныштырды.

Агенттиктен билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө Эдил Байсалов Айбек Абдымомуновго жана анын командасына иштеринде ийгиликтерди каалап, бир катар милдеттерди коюп, массалык спортту жана спорттогу жогорку жетишкендикти өнүктүрүү боюнча маанилүү багыттарга көңүл бурду.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 11-февралында президент жарлыкка кол коюп, ага ылайык Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментинин базасында Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги түзүлгөн.