Баатырдын жарынан таберик. Керимбүбү Шопокованын колдонгон буюмдары

Улуу Жеңишке 80 жыл Загрузка... 16 Апрель 2025 11:31
Жазгүл Мадинова

Жазгүл Мадинова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.04.2025 /Кабар/. Быйыл Улуу Жеңишке 80 жыл. Буга утурлай “Кабар” агенттиги Улуу Ата Мекендик согуштагы урунттуу учурларды баяндайт.

Бул жолу апаат мезгилинде, тагыраагы согуш жылдарында кызылча өстүрүп, тылда тынымсыз эмгектенген Керимбүбү Шопокова тууралуу кеп болот.

Керимбүбү Шопокова 1941-жылы өзүнчө колхоздук звено түзүп ага өзү башчылык кылып эмгектенүүгө өткөн. Ал башкарган звено кант кызылчасынан жыл сайын жогорку түшүм жыйнап алып турган. Кандуу согуштун каардуу жылдарында моралдык туруктуулугун жана жан аябастыктын үлгүсүн көрсөткөн эмгек адамы. Анын ошол учурда кийген кийими Улуттук тарых музейине коюлган.