Баалардын өсүшүн алдын алуу: Эт жана жашылча импорту көбөйүшү мүмкүн

Экономика Загрузка... 13 Март 2026 16:24
2.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги азык-түлүккө болгон баалардын кескин жогорулашын жана тартыштыкты алдын алуу максатында импорттук келишимдерди түзүү ишин күчөтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу брифингде экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди.

Анын айтымында, рынокто тең салмактуулук бузулса, ведомство чет өлкөлөрдөн жашылча-жемиш жана эт азыктарын жеткирүүнү ыкчам түрдө көбөйтөт.

Эт импорту төмөнкү өлкөлөрдөн ишке ашырылышы пландалууда: Россия, Беларусь, Казакстан жана Кытай.

1

Сейитов белгилегендей, импортту жөнгө салууда мамлекет кызыкчылыктардын тең салмагын сактайт.

"Биз фермерлерибиздин кызыкчылыктарын эске алууга милдеттүүбүз, алар өз продукцияларын ички рынокто да, тышкы рынокто да өндүрүүгө жана сатууга мүмкүнчүлүгү болушу керек. Бирок, биздин артыкчылыктуу максатыбыз – керектөөчүлөр үчүн баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө болуп саналат", – деп белгиледи ал.

Ошондой эле ички рынокто эт азыктарынын баасын турукташтыруу үчүн өкмөт малды жана этти экспорттоого бир катар убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Бул чаралар рынокту толтурууга жана бааларды калк үчүн жеткиликтүү диапазондо кармап турууга багытталган.