Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь айында 2025-жылдын декабрь айына салыштырмалуу республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпы 0,8 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Мында тамак-аш продукцияларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 1 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына – 0,8 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга – 0,5 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтерине – 0,7 пайызга жогорулаганы белгиленди.
Керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы республиканын бардык аймактарында байкалды.
"Мында баалардын эң жогорку 1,3 пайыз өсүшү Баткен облусунда катталды. Бул калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтеринин 2,6 пайызга жогорулашынын эсебинен, ал эми тамак-аш продукцияларына жана алкоголсуз суусундуктарга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалардын1,4 пайызга жогорулашы Бишкек шаарында катталды. Азык-түлүк эмес товарларга баалардын эң жогорку 1,2 пайызга өсүшү Жалал-Абаб облусунда катталды", - деп айтылат маалыматта.