Азербайжандын президенти Илхам Алиев "Манас" ордени менен сыйланды — Кабар

Азербайжандын президенти Илхам Алиев "Манас" ордени менен сыйланды

Коом 31 июль 2026 11:12
761545736_1629073209227307_1110202476331243445_n.jpg
760566434_1629073162560645_662794805748778000_n.jpg
761615515_1629073222560639_8389381638556496872_n.jpg
759320696_1629073285893966_1279000372676029898_n.jpg
758883446_1629073129227315_2541638330065455545_n.jpg
759208609_1629073049227323_1251682714368618613_n.jpg
756641402_1629073042560657_6647509000329929371_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Азербайжан президенти Илхам Алиев Кыргыз Республикасынын жогорку мамлекеттик сыйлыгы — I даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды.

Мамлекеттик сыйлыкты бүгүн, 31-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Азербайжандын лидерине Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик сапардын алкагында тапшырды.

“Манас” ордени — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын бири. Ал өлкөнүн экономикасына жана элине сиңирген өзгөчө эмгеги, Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө кошкон салымы, мамлекетти жана демократиялык коомду чыңдоодогу, элдин биримдигин бекемдөөдөгү, ошондой эле өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын арттыруудагы жетишкендиктери үчүн берилет.