Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталы 200 млн долларга жеткирилет

Экономика Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 18:00
3603720fb0b29f43538.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталы 25 млн доллардан 100 млн долларга чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын II кварталынын жыйынтыгы боюнча фонддун иш жүзүндө төлөнгөн капиталы 63,82 млн долларды түздү. Бул жаңы инвестициялык долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт.

Учурда фонд тарабынан жалпы наркы 76,67 млн долларды түзгөн 11 инвестициялык долбоор жактырылган. Мындан тышкары, жалпы суммасы 204 млн доллардан ашкан 37 долбоор кароо баскычында турат.

Долбоорлор энергетика, турак жай курулушу, текстиль өнөр жайы, саламаттык сактоо жана курулуш материалдарын өндүрүү тармактарын камтыйт.

Ошондой эле Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында фонддун уставдык капиталын 200 млн долларга чейин көбөйтүү боюнча макулдашууга жетишилген.

Бул кадам эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ишкердикти колдоого жана Кыргызстан экономикасына жаңы инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт.