Айдоочу абайла. Ысык-Көлдө эреже бузган айдоочулар дрон менен аныкталууда

Укук тартиби Загрузка... 12 Май 2025 09:10
a365eadf-7cea-4246-91c7-2391959ef319.jpeg
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы

Бишкек, 12.05.25./Кабар/. Туристтик мезгилдин башталышын утурлай, Ысык-Көл облусунун аймагында унаалардын саны көбөйүп, жол эрежелерин бузуу фактылары көбүрөөк байкалууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, мындай фактыларды эске алуу менен жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун кооптуу жол тилкелерине дрон учурулуп, анын жардамы менен каршы тилкеге чыккан, алдыдагы унаалардан туура эмес ашып өтүү, озуп өтүү эрежелерин бузган жана катуу ылдамдыкта айдаган айдоочулар аныкталууда.

Бул иш-чара учурунда жыйырма мүнөттүн ичинде 7 одоно эреже бузган айдоочулар аныкталган.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек-Ош жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдорунда “жол эрежелери учуучу аппарат менен көзөмөлдөнөт” деген эскертүү табличкалары орнотулган.

Алдыдагы туристтик мезгил учурунда бул унаа жолдордо да дрон учурулуп, анын жардамы менен эреже бузган айдоочулар аныкталып, тийиштүү чаралар көрүлөт.