Бишкек, 22.02.25. /Кабар/. Түштүк Корея жана Монголиянын ири компаниялары менен Асман шаарын курууда жашыл энергетика колдонуу жана башка тиешелүү тармактар боюнча келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Президенттин иш башкармалыгынын төрагасынын орун басары Алмаз Раимбеков билдирди.

Анын айтымында, DOHWA Engineering Co. Ltd, HS Solar Energy Co. Ltd жана CS WIND Co. Ltd компаниялары жашыл энергетика тармагында күн жана шамал станцияларын куруу менен көптөгөн энергетикалык долбоорлорду ишке ашырган.
“Аталган компаниялар жашыл энергетика тармагын жакшы өздөштүрүшкөндүктөн, бизге бул багытта жакшы сунуштарын берип жатышат. Асман шаарынын курулушунда, негизи эле шаарда экологиялык жактан таза жашыл энергетиканы, тактап айтсак күн батареяларын колдонуу багытында аталган компаниялар менен иш алып барганы турабыз. Андан тышкаары, шаардын тазалоочу курулмаларын куруу боюнча да иштешебиз. Ушул тармактарда шаар куруунун концептуалдык планын да биргеликте бекитүү тууралуу келишимдерге кол койдук”, - дейт Алмаз Раимбеков.

Президенттин иш башкармалыгынын төрагасынын орун басары маалымдагандай, Асман шаарын куруу боюнча башкы план иштелип чыгып, бүтүп калды. Башкы план жакын арада бекитилсе, куруу иштери башталат.
“Негизи шаар куруу оңой иш эмес, алгач башкы планы иштелип чыгыш керек. Кандай инвесторлор тартылат, ошол шаардын тургундары эмне иш кылат, эмне менен алектенет ушунун бардыгын деталдуу карап, иштеп жатабыз. Азыр шаарга сууну кайдан алып келебиз, тазалоочу курулмалар кайда курулат деген сыяктуу маселелер иштелип чыгууда. Жакын арада көптөгөн кагаз иштери бүткөрүлүп, шаардын башкы план бекитилип, курулушка өтөбүз”, - деди ал.

Берилген маалыматка ылайык, Асман шаары ичинен үч бөлүккө бөлүнөт. Биринчи Ысык-Көлдүн жээк тарабында көңүл ачуучу борборлор, кеңселер жайгашат. Экинчи бөлүгүндө мектеп, бала бакча жана башка ушул сыяктуу шаар тургундары үчүн зарыл болгон шарттар түзүлүп, бизнес кеңселер болот. Ал эми үчүнчү бөлүк болгон тоо тарабында IT-хаб, студенттер үчүн шаарчалар, мечиттер курулат.

Эске салсак, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында КР Президенттин иш башкармалыгы, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана Энергетика министрлиги менен биргеликте Түштүк Корея жана Монголиянын компанияларынын ортосунда жашыл энергетика колдонуу, шаар куруудагы тиешелүү тармактар боюнча эки тараптуу бир катар документтерге кол коюу аземи өттү.

Аталган Түштүк Корея жана Монголиянын компаниялары тууралуу маалымат:
DOHWA Engineering Co. Ltd - дүйнө жүзү боюнча 6 миң 900 долбоорду ишке ашырган чоң тажрыйбасы бар Түштүк Кореянын ири долбоорлоо-конструктордук компанияларынын бири;
HS Solar Energy Co. Ltd - күн электр станцияларын куруу жана иштетүү боюнча кызматтардын толук циклин сунуштаган күн электр станцияларын иштеп чыгуучу жана оператор;
CS WIND Co. Ltd - шамал генераторлору үчүн мунара өндүрүүчү компания.