Асман шаарын куруу: Инфраструктура, инвестиция жана жаңы келишимдер — Кабар

Асман шаарын куруу: Инфраструктура, инвестиция жана жаңы келишимдер

Экономика 4 август 2026 17:00
WhatsApp Image 2026-08-04 at 16.40.48.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-04 at 16.40.48 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-04 at 16.40.48 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-04 at 16.40.48 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-04 at 16.40.47.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-08-04 at 16.40.48.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-04 at 16.40.48 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-04 at 16.40.48 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-04 at 16.40.48 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-04 at 16.40.47.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында "Асман" жаңы шаарын куруу жана өнүктүрүү – 2026" аталышындагы жогорку деңгээлдеги форум өтүп, экологиялык жактан таза "Асман" жаңы шаарын куруу долбоорун ишке ашыруу маселелерине багытталды.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, форумдун жүрүшүндө шаар куруу пландаштыруу, инженердик жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, жаңы шаардын функционалдык түзүмүн калыптандыруу, инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов "Асман" долбоорунун өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык маанисин белгилеп, аны ишке ашыруу инвестицияларды тартууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана туруктуу шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн билдирди.

Форумдун алкагында долбоорду практикалык жактан ишке ашыруу, тармактык инфраструктураны өнүктүрүү жана мындан аркы кызматташуу механизмдери каралды. Ошондой эле долбоорду алдыга жылдырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Форум Асман жаңы шаарын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо, заманбап шаар куруу жаатындагы тажрыйба алмашуу жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болду.