Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамыркановго карата пара алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Аскер прокуратурасынан билдиришти.
Маалымдалгандай, эми арызда көрсөтүлгөн дооматтар текшерилет. Анын жыйынтыгына жараша укуктук баа берилет.
Кошумчалай кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов кызматынан бошотулду. Ал министр болуп 19-февралда дайындалган.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун айтымында, Шамырканов пара алууга шектелип жатат.