Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу багытында иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаев ”Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы“ медиа долбоорунун алкагында студенттер менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, агенттик тарабынан мамлекеттик кызматты өнүктүрүүнүн беш жылдык стратегиясы кабыл алынып, министрлер кабинетинин планына киргизилген.
Жантаев жарандардын убактысын жана каражатын үнөмдөө максатында ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу, талап кылынган маалымкаттардын санын кыскартуу жана кызматтарды санариптештирүү иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле кадрлар резервин жакшыртуу, мамлекеттик кызматты модернизациялоо, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү багытында ар кандай программалар ишке ашырылып жатканын маалымдады.