Ашууларда жол ачык, унаа кыймылына чектөө жок - министрлик

Коом 10 Март 2025 10:52
480322506_953841230257957_1008772041957895628_n.jpg
480888975_953841446924602_9012491513336698833_n.jpg
480793478_953841403591273_7110192110358729886_n.jpg
480963603_953841440257936_8417795892900309590_n.jpg
476376303_953841373591276_1054876909575267493_n.jpg
480965468_953841233591290_4249047570636252297_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн ашууларындагы жолдордун абалы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн, 10-мартка карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар.

Аймакты караган Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, тазалоо, зарыл учурда кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.