Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолунун курулушу качан аяктайт?

Коом 8 сентябрь 2026 13:35
Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолунун курулушу качан аяктайт?
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолунун курулушу бекитилген графикке ылайык активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Күнтуу айылынан Кызыл-Тууга чейинки аралыгында асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, жолдун айрым бөлүктөрүндө арыктарды орнотуу, жолдун негизги катмарын төшөө иштери улантылууда.

Ал эми 0–1,3-чакырым аралыгында экинчи багыттагы кирүүчү жолдун П-2 үлгүсүндөгү плиталарын орнотуу иштери жүргүзүлүп, 400 метр жолго асфальт төшөлдү.

Белгилей кетсек, Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолунун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. 2025-жылы анын 6,7 чакырымына асфальттын биринчи катмары төшөлгөн.

Долбоор мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен каржыланып, “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан ишке ашырылууда.