Бишкек, 08.03.25. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда жол ачык, каттам үзгүлтүксүз уланууда.Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы тарабынан Кызыл-Бел ашуусунда кар тазалоо иштери жүргүзүлүп, тайгакка каршы инерттик материалдар себилүүдө. Жол тыгыны катталган жок, жана №41 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери күн-түн дебей кезметте турушат.
Ал эми Чар ашуусунун 372-376-чакырымында оор жүк ташуучу унаалардын чынжыр такпагандыгы каттамга тоскоолдук жаратып, тыгын пайда кылууда. Ошол эле учурда №957 жол-тейлөө ишканасынын кызматкерлери тынымсыз кар тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерин улантууда.
Транспорт министрлиги айдоочуларды кышкы жол шарттарын эске алып, жол эрежелерин сактоого, өзгөчө оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын зарыл болгон жабдууларды колдонууга чакырат.