Шашылыш билдирүү! Унаа жолдордо көр көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом Загрузка... 19 Март 2025 11:26
WhatsApp Image 2025-02-01 at 18.54.39.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Унаа жолдордо көр көчкү түшүүсү күтүлөт. Шашылыш билдирүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн тоолуу райондорунда бүгүн, 19-марттан 23-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы Төө-Ашуу ашууда, 222-255-чакырымы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Ошондой эле жолдор тайгак болуп муз тоңот.

"Андыктан ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет жана жарандарды алыска сапар албай турууга, коопсуздук эрежелерин камсыз кылууга чакырат",-деп айтылат маалыматта