Аравандагы логистикалык борбор: Аймактагы түшүмдү экспортко чыгарууга шарт түзүлдү

Аймак 559 06 Март 2026 09:45
646465339_122205371306341273_4967626337551568017_n.jpg
646739553_122205371360341273_2857207472251027630_n.jpg
647110305_122205371246341273_2997896890448253924_n.jpg
646937317_122205371462341273_2387794874528229855_n.jpg
Алдыга
Артка
646465339_122205371306341273_4967626337551568017_n.jpg
646739553_122205371360341273_2857207472251027630_n.jpg
647110305_122205371246341273_2997896890448253924_n.jpg
646937317_122205371462341273_2387794874528229855_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун Ачы айылындагы "Азиз-Ата" ЖЧКсы тарабынан курулган логистикалык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министрликтен билдиришкендей, аталган объект 2,42 гектар муниципалдык жер аянтына курулуп, анын жалпы сметалык баасы 21 млн сомду түзөт.

Борбордун сыйымдуулугу 600 тоннаны түзүп, дыйкандар өндүргөн айыл чарба продукцияларын сактоого ылайыкташкан. Учурда мында жергиликтүү дыйкандардын өрүк жана сабиз түшүмү сакталууда. Бул борбор продукцияны узак мөөнөткө сапатын жоготпой сактоого жана рынокко туруктуу жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, ишкана Түркия жана башка мамлекеттер менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кызматташып, продукцияларды экспортко чыгаруу багытында да жигердүү иш алып барууда.