Арабаев университетинде 59 чет элдик студент окуудан четтетилди

Укук тартиби 1282 01 Июль 2025 14:41
514345554_1572602963698706_326820958024655602_n.jpg
514454501_1572603037032032_7208151844999418940_n.jpg
514475077_1572602997032036_2900945705307917385_n.jpg
514499128_1572603027032033_4968554416467648169_n.jpg
514633453_1572602957032040_8665911322321713574_n.jpg
515105042_1572603003698702_7143494291121682451_n.jpg
Алдыга
Артка
514345554_1572602963698706_326820958024655602_n.jpg
514454501_1572603037032032_7208151844999418940_n.jpg
514475077_1572602997032036_2900945705307917385_n.jpg
514499128_1572603027032033_4968554416467648169_n.jpg
514633453_1572602957032040_8665911322321713574_n.jpg
515105042_1572603003698702_7143494291121682451_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кызматтык жасалмачылык фактыларын аныктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматка аталган университетте чет өлкөлүк студенттердин билим алуусуна байланыштуу мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар түшүп, окуу жайга расмий түрдө кабыл алынган чет өлкөлүк студенттер иш жүзүндө өлкөдө жок экендиги жана Кыргызстандан тышкары болуп, окуу процессине катышпаганы аныкталган.

Бул факты боюнча "Кызматтык жасалмачылык" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында комиссиялык текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында чет өлкөлүк 59 студентти окуудан чыгаруу чечими кабыл алынды:

  • Өзбекстандын 30 жараны;
  • Казакстандын 20 жараны;
  • Россиянын 9 жараны.

Азыркы учурда УКМК университеттин окутуучулук жана административдик курамындагы аныкталган тартип бузууларга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.

"УКМК билим берүү чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөшүү боюнча системалуу иштер улантылып жатканын билдирет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн жарандарды ушундай фактылар жөнүндө компетенттүү органдарга малымдоого чакырат",-деп айтылат маалыматта.