Ар бир үчүнчү аял аденомиозго кабылышы мүмкүн – дарыгер

Ден соолук 26 Август 2026 13:25
GINEKOLOGIYa_-_Adenomioz.width-800.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Аденомиоз — репродуктивдүү курактагы аялдар арасында кеңири кездешкен оорулардын бири. Анын себептери, белгилери, дарылоо ыкмалары жана аялдын репродуктивдүү ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу "Кабар" агенттигине акушер-гинеколог, медицина илимдеринин кандидаты, эндовидеохирург Самат Ажибеков айтып берди.

Анын айтымында, жатындын эндометриозу деп да аталган аденомиоз оорусу көбүнчө 45 жашка чейинки аялдарда кездешет. Оору жатындын ички былжыр челин түзгөн эндометрий клеткалары органдын булчуң катмарына өсүп киргенде пайда болот. Мунун натыйжасында жатын чоңоюп, жыйрыла албай калат.

photo_5221979405402448633_y.width-800

"Оору жатындын чоңоюшу, айыздын көп келиши жана айыз учурунда, ошондой эле айыз аралыгында катуу оорунун болушу менен билинет. Дүйнөдө бул оору менен болжол менен 200 млн аял жабыркайт", – деди дарыгер.

Адистин белгилешинче, аденомиоздун так себептери азырынча аныктала элек. Негизги белгилери – айыз учурундагы оору жана анын көп келиши. Айрым учурларда оору тукумсуздукка да алып келиши мүмкүн.

Самат Ажибековдун айтымында, Кыргызстанда аденомиоздун таралышы боюнча так статистика жок. Бирок болжолдуу маалыматтарга караганда, оору репродуктивдүү курактагы аялдардын 30-40 пайызында, башкача айтканда, дээрлик ар бир үчүнчү аялда кездешиши мүмкүн.

"Аялдар көбүнчө дарыгерге оорунун кеч стадияларында кайрылышат. Себеби, алар белгилерге көңүл бурбай, айыздын көп жана оор келүүсүн кадимки көрүнүш катары кабыл алышат. Эгер айыз учурунда кан уюган бөлүкчөлөр чыгып, кан өтө көп кетип, беш-жети күндөн ашык созулса, бул нормалдуу эмес", – деп баса белгиледи дарыгер.

Ал айрым аялдар адиске кайрылбастан, өз алдынча кан токтотуучу дарыларды ичип, оорунун күчөп кетишине шарт түзүп жатканын кошумчалады.

4ee1e1f27e0f455fa3413662-1-1024x392.width-800

Адистин маалыматына караганда, аденомиоздун төрт даражасы бар. Биринчи жана экинчи, башкача айтканда жеңил жана орточо даражаларында гормоналдык дарылар же жатын ичине салынуучу гормоналдык каражаттар менен операциясыз дарылоого болот.

Оорунун оор түрүндө хирургиялык дарылоо талап кылынып, айрым учурларда жатынды алып салууга чейин барышы мүмкүн.

"Эң негизгиси – гинекологго үзгүлтүксүз көрүнүп, ультра-үндүү изилдөөдөн (УЗИ) өтүп жана убагында дарыгерге кайрылуу. Оору алгачкы баскычтарында таблетка же жатын ичине салынуучу каражат аркылуу көзөмөлдөнүп, операция талап кылынбашы мүмкүн. Кийинки баскычтарында хирургиялык кийлигишүү зарыл болот", – деди Ажибеков.

Анын айтымында, аденомиозду толугу менен айыктыруу мүмкүн эмес, бирок аны көзөмөлдөөгө болот. Жеңил түрүндө оору кээде дарылоону талап кылбайт. Ал эми орточо жана оор даражаларында дарылоо ыкмасы жатындын канчалык жабыркаганына жараша аныкталат.

Дарыгер аденомиоз аялдын репродуктивдүү ден соолугуна да таасир этерин белгиледи.

"Албетте, оору репродуктивдүү ден соолукка таасир этет. Анткени жатын – түйүлдүк өсүп жетиле турган орган. Эгер уруктанган жумуртка клеткасы оорулуу жатынга түшсө, анын жатынга бекиши бузулуп, натыйжада бойдон түшүп калышы же кош бойлуулук такыр болбой калышы мүмкүн", – деп түшүндүрдү ал.

Адистин айтымында, аденомиоздун жеңил түрү кош бойлуулукка олуттуу таасир бербейт. Ал эми оор стадияларында балалуу болууда жана кош бойлуулукту сактап калууда көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

Ушуга байланыштуу дарыгер аялдарды оор жана өтө көп келген айызды кадимки көрүнүш катары кабыл албай, өз убагында гинекологго кайрылып, текшерүүдөн өтүүгө чакырды.