Бишкек, 28.05.25. /Кабар/. Агартуу министрлиги тилди эффективдүү өздөштүрүүгө багытталган англис тили боюнча жаңы муундагы окуу китептерин иштеп чыгууда. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева подкастта билдирди.
Анын айтымында, учурда министрлик жаңы муундагы окуу китептерин басып чыгарууда, Учурда 46 даана чыгарылды.
“Быйыл окуучулар табигый илимдер боюнча эл аралык стандарттарга жооп берген окуу китептери менен камсыз болушат. Ошондой эле тилди эффективдүү өздөштүрүү үчүн англис тили боюнча жаңы муундагы окуу китептерин иштеп чыгуудабыз. Мурунку окуу китептери фактыларды жыйноо жана берүү менен түзүлсө, жаңы китептердин баары турмуштук көндүмдөрдү калыптандырууга негизделген. Бул абдан чоң айырманы түзөт. Жаңы ыкма билимди берүү менен гана чектелбестен, аны турмушта кантип колдонууну үйрөтүүгө да шарт түзөт”, - деди Кендирбаева.