Бишкек, 07.02.25. / Кабар/. Аляскада тогуз жүргүнчүсү бар учак дайынсыз жоголду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Агенттик маалымдагандай, Cessna Caravan учагы Алясканын Уналаклит шаарынан Ном шаарына бара жаткан. Аба ырайына байланыштуу абадан издөө мүмкүнчүлүгү чектелип, учурда учакты жер үстүндө издөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, издөө-куткаруу операциясына Алясканын улуттук гвардиясы жана жээк коопсуздук кызматы катышууда. Жээк коопсуздук кызматынын C-130 учагы көрүнбөгөн шарттарда объекттерди жана адамдарды табуу үчүн атайын издөө-куткаруу жабдуулары менен жабдылган.