Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Быйыл Улуу Жеңишке 80 жыл. Буга утурлай “Кабар” агенттиги Улуу Ата Мекендик согуштагы урунттуу учурларды баяндайт. Бул жолу апаат мезгилинде, тагыраагы 1942-жылы кыргыздардын акчасына чыгарылган танкалар тууралуу кеп болот.
Кыргызстан союздук республикалардын ичинен тылдык республика катары бир гана майданда эмес орукта дагы өзгөчө эрдик көрсөтүп, жеңишке чоң салым кошкон. Ошол эле тамак-аш, азык-түлүк, айрыкча курал-жарак тарабынан.
КР Улуттук тарых музейинин билим берүү-агартуу, илимий-усулдук иштери жана китепкана бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек Самудинов 1942-жылдагы дал ушул урунттуу учурлар тууралуу айтып берди.
“Маселен, Кыргызстан 1942-жылы бардыгы фронт үчүн, жеңиш үчүн деген ураан менен мамлекет койгон милдеттенмелерден тышкары, үйүндөгү ата-бабасынан бери келе жаткан алтын- күмүш жасалгаларын, сөйкө, шакек, билерик, кымбат буюмдарын топтоп отурушуп 189 млн рубль жыйнашкан. Ал каражат советтик армияга берилип, ошол суммага 189 аскер учагы же танка жасалмак. Советтик куралдуу күчтөрдүн жетекчилери бир чечимге келип, 1942-жылдан баштап “Советтик Кыргызстан” деген танка чыгарыла баштайт. Бул каражат 93 танка жасаганга жетмек. Мына ушундай кыргыздардын эрдиги менен советтик мамлекет жеңишке жетти”, – деп белгиледи Өмүрбек Самудинов.