Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Белгилүү блогер жана альпинист Дамира Шарипбековага Ленин чокусуна чыгар алдында камсыздандыруу полиси тапшырылды.
"Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКтан билдиришендей, берилген камсыздандыруу полисинин суммасы 2,5 млн сомду түзөт.
"Чокуларды багындыруу – чоң эрдик. Ал эми мындай сапарга ишенимдүү камсыздандыруу менен чыгуу — эң туура чечим. Дамирага ийгиликтүү көтөрүлүүнү, коопсуз сапарды жана жаңы бийиктиктерди багындырып, аман-эсен кайтып келүүнү каалайбыз", – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Ленин чокусу – Борбор Азиядагы эң бийик тоолордун бири (7134 метр) жана ага чыгуу альпинисттерден өзгөчө даярдыкты жана коопсуздук чараларын талап кылат.