Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Полотов Алмазбек Адылбекович Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Өмүр баяны жана билими
Алмазбек Полотов 1985-жылы Баткен районунун Самаркандек айылында төрөлгөн. Билими жогорку:
- Баткен мамлекеттик университети: Дүйнөлүк тилдер жана түркология боюнча мугалим адистиги;
- КР Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы: Жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу багыты;
- Баткен мамлекеттик университети: Юриспруденция адистиги.
Эмгек жолу
Эмгек жолун орто мектепте мугалим жана директордун орун басары болуп баштаган.
Андан кийинки кызматтары:
- Баткен райондук дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты бөлүмү;
- Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүгүү бөлүмү;
- Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлар сектору, уюштуруу-инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмү;
- Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Аукцион борбору” мамлекеттик мекемеси;
- Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги;
- Сүлүктү шаарынын мэринин орун басары.