Алмазбек Исаков Кара-Балта шаарынын мэри болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 05 Февраль 2026 10:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 05.01.26. /Кабар/. Исаков Алмазбек Карыпович Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов Кара-Балта шаардык мэриясынын жамаатына жаңы мэр Алмазбек Исаковду тааныштырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө облус башчысы жаңы мэрдин кесиптик тажрыйбасын белгилеп, анын жетекчилиги астында муниципалдык кызматтардын иши шаарды туруктуу өнүктүрүүгө жана тургундардын актуалдуу маселелерин чечүүгө багытталарына ишеним билдирди.

Азамат Осмонов мэриянын жамааты үчүн биргелешип иштөөнүн маанилүүлүгүн, калк алдындагы жоопкерчиликти жана өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган тапшырмаларды так аткаруу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Өз кезегинде Алмазбек Исаков көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, шаардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу үчүн болгон күч-аракетин жумшай турганын ишендирди.