Бишкек, 03.07.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы өлкө аймагында бир апталык аба ырайынын божомолун таратты. Ага ылайык, жума башында жаан-чачындуу аба ырайы байкалып, андан кийин күн акырындап ачылат.
Чүй жана Талас облустары
4-июлда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Айрым райондордо нөшөрлүү жаан жаашы мүмкүн. 5-июлда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. 6–8-июль күндөрү негизинен жаан-чачынсыз аба ырайы сакталат. Айрым тоолуу райондордо жана күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 9–10-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Чүй жана Талас облустары боюнча температура:

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
4-июлда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде нөшөрлүү жаан жаашы күтүлөт. 5–6-июлда негизинен жаан-чачынсыз аба ырайы сакталат, тоолуу райондордо кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. 7–8-июлда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 9–10-июлда түнкүсүн негизинен жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча температура:

Ысык-Көл жана Нарын облустары
4-июлда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде нөшөрлүү жаан жаашы күтүлөт. Нарын облусунда 4-июлда күндүз батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15–20 метрге чейин жетиши күтүлөт. 5-июлда Ысык-Көлдө түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз жаан-чачын болбойт. Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 6–10-июль аралыгында эки облуста тең айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча температура: