Бишкек 27.06.25 /Кабар/. Аламүдүн районунда пара талап кылган судья кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда Аламүдүн райондук сотунун кызматкерлерине карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, алар андан иш боюнча оң чечим чыгаруу үчүн акча талап кылышкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө Аламүдүн райондук сотунда С.А. аттуу жаранга карата "Тоноо" беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча сот процесси учурунда соттолуучу С.А. төрагалык кылуучу сот Ж.Ш.Б.га сот процессин жылдыруу өтүнүчү менен кайрылган.
Ага Ж.Ш.Б. макул болуп, 30 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. Мындан тышкары, Ж.Ш.Б. ишти оң жагынан чечүү үчүн соттолуучу С.А.дан 1000 доллар талап кылган. Жогорудагы талап кылынган акча каражаты сотко жеткирип берүү үчүн жаран Б.К.га берилген.
Б.К.нын үйүнөн сот Ж.Ш.Б.га бериле турган акчалар табылган. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча шектүү Б.К. Бишкекте убактылуу кармоочу жайга киргизилип, "Пара талап кылууга шериктештик" беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылды.
Белгилей кетсек, Соттор кеңеши сот Ж.Ш.Б.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.
Натыйжада бүгүн Аламүдүн райондук сотунун соту 1982-жылы туулган Ж.Ш.Б. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.