Бишкек, 25.11.26 /Кабар/. 1-декабрда "Ала-Тоо Резорт" тоо лыжа курортунун ачылышында масштабдуу маданий программа өткөрүү пландалууда. Иш-чара эл аралык деңгээлдеги кышкы фестивалга айланат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, уюштуруучулар дүйнөлүк деңгээлдеги майрамдык иш-чараны даярдап жатышат. Масштабы жагынан ал "Бишкек Арена" комплексинин ачылышына жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тең келиши мүмкүн.
"Биз чоң маданий программа даярдап жатабыз. Бул чыныгы кышкы майрам, эл аралык деңгээлдеги кышкы фестиваль болот. Масштабы жагынан “Бишкек Арена” комплексинин ачылышына жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тең келет деп ойлойм. Биз дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чарага даярданып жатабыз жана аны жогорку деңгээлде өткөрүүгө аракет кылабыз", — деп баса белгиледи Кубатов.