Бишкек, 25.11.26 /Кабар/. "Ала-Тоо Резорт" тоо кластеринин салтанаттуу ачылышынын башкы коногу дүйнөгө белгилүү америкалык ырчы Jason Derulo болору жарыяланды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, 1-декабрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында өтө турган ачылыш аземинде конокторго эл аралык жана жергиликтүү артисттердин катышуусунда масштабдуу концерттик программа тартууланат.
Анда Jason Derulo менен катар франциялык аткаруучу Willy William, түрк диджейи Berat Mert Demir, легендарлуу Morandi тобу, казакстандык ырчы Кайрат Нуртас, "Ирина Кайратовна" тобу, Бегиш, Jax жана DJ King Macarella өнөрлөрүн тартуулашат.
Салтанаттуу иш-чара саат 13:00дө башталат. Коноктор үчүн кирүү акысыз.
Белгилей кетсек, ачылыш күнү тоо лыжа трассаларында эс алуу мүмкүн болбойт. Лыжа тебүү 2-декабрдан тартып жеткиликтүү болот.
Буга чейин уюштуруучулар анын ысымын айтпай, ким келерин сыр бойдон сактап келишкен.