Мүлк талаштары боюнча акысыз адвокат: Министрлик жаңы өзгөрүүлөрдү сунуштады

Коом
Мүлк талаштары боюнча акысыз адвокат: Министрлик жаңы өзгөрүүлөрдү сунуштады
copyright icon WWW

Бишкек, 23.11.26. /Кабар/. Юстиция министрлиги жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү системасын кеңейтүүнү демилгелеп, төрт багытта иш алып барууда.

Ведомствонун маалыматына ылайык, облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын имараттарына Юридикалык жардам кызматынын координаторлорун жайгаштыруу, кызматкерлердин санын көбөйтүү пландалууда.

Мындан тышкары, жер жана кыймылсыз мүлккө байланыштуу талаш-тартыштарды мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүлүүчү иштердин тизмесине киргизүү сунушталууда. Ошондой эле системада иштеген адвокаттардын эмгек акысынын тарифтерин кылмыш-жаза, жарандык жана административдик иштер боюнча жогорулатуу каралууда.

Учурда жарандар юридикалык жардамды 114 ишеним телефону, жасалма интеллект жардамчысы бар jardam.kg порталы жана "Тилектештик автобусунун" көчмө кабыл алуулары аркылуу ала алышат.