Акылбек Орозматов "Ош ТВ" телеканалынын директору болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 9 март 2026 15:53
Акылбек Орозматов "Ош ТВ" телеканалынын директору болуп дайындалды
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Акылбек Орозматов "Ош ТВ" муниципалдык мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка мэр Жанарбек Акаев кол койду.

Мэрдин башка бир буйругу менен Маратбек Акимбек уулу өзү берген арызына ылайык, аталган мекеменин директору кызматынан бошотулду.